Токмок аймактык ооруканасынын жаңы төрөт бөлүмү ачылды



Токмок шаарында аймактык оорукананын жаңы төрөт бөлүмүнүн ачылыш аземи болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, төрөт үйү үчүн жаңы имараттын курулушу 2019-жылдын август айында башталган. 30 орундуу эки кабаттуу жаңы имарат бардык заманбап талаптарга жооп берет. Жайлуу палаталар, 2 төрөт бөлмөсү, операция бөлмөсү, жаңы төрөлгөн балдар үчүн жандандыруу бөлүмү, медицина кызматкерлери үчүн бөлмөлөр жана лифт орнотулган.
Мындан тышкары УЗИ аппаратын, өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппаратын, Сипап аппаратын, кувездерди, рециркуляторлорду, веновизор, жаңы төрөлгөн ымыркайлар үчүн мониторлорду алып келди. Жумшак жана катуу инвентарлар: төрөт креслосу, керебеттер, шкафтар, ымыркайларды ороо столдору менен камсыздалды.
Төрөт бөлүмүнүн курулушу толугу менен "Ас-Сафа" коомдук бирикмеси тарабынан жалпы суммасы 57 миллион сомго же 826 миң долларга каржыланган.
