super.kg logo

Чет элдик басылма: "1 кылым мурда жер титирөөдөн пайда болгон Тажикстандагы көл 5 миллион адамдын өмүрүн алып кетиши мүмкүн"

 

Тажикстанда 1911-жылы жер титирөөнүн жыйынтыгында пайда болгон Сарез көлү адамзат тарыхындагы эң чоң табият кырсыгына себеп болушу мүмкүн. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн жыйынтыгында пайда болгон 567 метрлик табигый дамба кайрадан жер титирөөдөн кыйрашы мүмкүн. Анткени Сарез көлү сейсмологиялык жактан алганда кооптуу аймакта жайгашкан.

"Көз жоосун алган табигый көл кыйраса суунун агымы 30 метр бийиктикке чейин көтөрүлүп, Тажикстан менен кошо Ооганстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын да кээ бир аймактарын жууп кетип, Казакстандын Арал деңизине чейин жетет", - деп айтылат маалыматта.

Маалым болгондой, кырсык 5 миллион адамдын өмүрүн алып кетиши мүмкүн. Буга байланыштуу Сарез көлүндөгү абалга Борбордук Азия өлкөлөрүнүн өкмөттөрү, Бириккен улуттар уюму жана Дүйнөлүк банк көз салып турат.

Ал эми тажик окумуштууларынын айтымында, кооптонууга негиз жок. Тажикстан илимдер академиясынын академиги Сабит Негматллаевдин айтымында, швейцариялык окумуштуулар менен биргеликте жүргүзүлгөн изилдөө иштеринде эч кандай кооптоно турган жагдайлар аныкталган эмес.

Суунун деңгээлин азайтуу максатында 2018-жылы тажик бийлиги атайын программа иштеп чыккан. Ага ылайык, Сарез көлүндөгү суунун бир бөлүгү Тажикстандын жана Өзбекстандын айрым аймактары тарабынан ичүүчү суу катары пайдаланылат.

Аталган көл 1911-жылы пайда болгон. Жер титирөөдөн улам көчкү жүрүп Мургап дарыясын тосуп калган. Жыйынтыгында чогулган суу табигый суу сактагычты пайда кылган. Көл көчкүнүн алдында калган Сарез айылынын атынан коюлган. Узундугу 64 чакырымга, тереңдиги 505 метрге жеткен Сарез көлүндө 17 миллиард куб суу бар.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
17.11.2020. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Кудай сактасын ай баарыбызды
17.11.2020. 17:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Укмуш кооз экен
17.11.2020. 20:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Абдан кооз экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: