Бишкек шаарында көмүрдүн экологиялык жана коопсуздук жаатындагы сапаты текшерилди











Бишкек шаарында көмүрдүн экологиялык жана коопсуздук жаатындагы сапаты текшерилди. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциядан билдиришти.
"Мамэкотехинспекциянын кызматкерлери Бишкек шаарында көмүрдүн сатылып жаткан жерлеринде экологиялык жана техникалык коопсуздук жаатындагы мыйзам талаптарынын сакталышы боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Көмүр сатуучулар ыйгарым укуктуу метрология органы тарабынан текшерилген өлчөөчү шаймандарды колдонушу шарт. Ошондой эле сатып алуучулар алардан көмүрдүн сапаты жана коопсуздугу текшерилгендигин тастыктаган күбөлүктү көрсөтүүгө милдеттүү экенин шаар тургундарына эскерте кетели", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.