super.kg logo

Кесиптик башталгыч билим берүү агенттигинде эмгек мыйзамын бузуулар аныкталды

 

Билим берүү жана илим министрлигине караштуу кесиптик башталгыч билим берүү агенттигинде эмгек мыйзамынын талаптары бузулгандыгы аныкталды. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциядан билдиришти.

Ага ылайык, Мамэкотехинспекциясынын Эмгекти коргоо жана эмгектик мамилелер бөлүмүнө кесиптик башталгыч билим берүү агенттигинин жетекчилиги тарабынан мыйзамсыз иштен бошотуу тууралуу арыз түшкөнү маалымдалат.

"Ж.М. аттуу жаран 2020-жылдын 17-июнунда кесиптик башталгыч билим берүү агенттигинин каржылоо жана бухгалтердик эсеп бөлүмүнүн жетекчилигине дайындалгандыгы аныкталган. Бирок кийин ал Жалал-Абад облусундагы №76 лицейинин мурдагы директору А.А. тарабынан ээлеген кызматынан бошотулган.

Эмгек кодексинин 79-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, “Жумуштан бошотуу тууралуу” буйрукта Эмгек кодексинин же башка мыйзамдын пунктуна, дал келген беренесине көрсөткөн шилтеменин болуусу керек.

Бирок Ж.М.га карата жумуштан алуу тууралуу буйрук чыкканда, ал № 2 Үй-бүлөлүк медицина борборунда амбулатордук дарыланууда болгон. Эмгек кодексине ылайык, бул учурда жумуштан бошотууга жол берилбейт.

Жогоруда айтылгандардын негизинде Мамэкотехинспекция тарабынан акт түзүлүп “Жумуштан бошотуу” тууралуу № 49 буйругун жокко чыгарууну жана мажбурлап, жок болгон мезгилдин ичиндеги орточо эмгек акыны төлөө менен мурунку кызмат ордуна дайындоо сунушталган.

Мамэкотехинспекция тарабынан түзүлгөн актынын негизинде, Ж.М. мурунку кызмат ордуна дайындалган", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: