"Бардыгы үй-бүлө мүчөлөрүнөн жуктуруп алышкан". Окуучулар арасында коронавирус инфекциясы менен ооругандар октябрь айында 6 жарым эсеге жогорулаган
Мектеп жашындагы балдар арасында COVID-19 катталган учурлар октябрь айында 6 жарым эсеге жогору болду. Мындай маалымат менен саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев тааныштырды.
"Сентябрь айында 7 жаштан 17 жашка чейинки балдар арасында ооруну жуктургандардын жалпы саны 48 болсо, октябрь айында 6,5 эсеге жогору болуп, 315 учур катталган. 16-ноябрга карата 157 учур аныкталды. Алардын арасында мектептен жугузуп алган учурлар жок, бардыгы үй-бүлө мүчөлөрүнөн жуктурушкан", - деди министр.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.