super.kg logo

Абакта жатып кылмыш уюштурган. Жалал-Абадда ишкерден акча талап кылган деп уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

 

Жалал-Абад облусунан ишкерлерди опузалап коркуткан шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Жалал-Абад ОИИБине 27 жаштагы ишкер ага кол салгандардан коргоп, аларды кылмыш жоопкерчилигине тартып берүүнү суранган. Криминалдык чөйрөгө тиешеси бар 33 жаштагы жаран менен башка белгисиз адамдар опузалап акча талап кылгандыгын айткан.

Материал Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Кылмышка шектүүлөрдүн аты-жөнүн тактоо жана кармоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүп, Кербен шаарынын аймагынан Аксы районунун тургуну 1993-жылы туулган М.А. 11 миң сом өлчөмүндө акча алып жаткан жеринен кармалган.

Алынган маалымат боюнча жогорудагы кылмыш ишин уюштурууга жана ага катышкан делген 1986-жылы туулган Б.К. кармалган. Ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат. Ал жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын мекемелеринин биринде жазасын өтөөдө. Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат. Жогорудагы кылмыш ишине тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча иштер жүрүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: