Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Артём Новиков: "Бир дагы инвестор инвестдолбоорду ишке ашыруу үчүн жер ала албайт"





Бүгүн, 17-ноябрда премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков Экономикалык реформалар боюнча кеңешме өткөрдү.
Анда Артём Новиков өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүндө жана түзүмдүк өзгөртүүлөрдө жергиликтүү бийлик органдары маанилүү ролду ойной тургандыгына токтолду.
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жергиликтүү ишкердиктин ийгиликтүү өнүгүшү жумушчу орундарды түзүүдө, калктын кирешесин жогорулатууда жана инфраструктураны өнүктүрүүдө маанилүү фактор экендигин түшүнүү керек. Бүгүнкү күндө бир дагы инвестор инвестдолбоорду ишке ашыруу үчүн жер ала албайт. Коммуникациялар жок, уруксат берүүчү документтер берилбейт. Бул шартта биз инвестициялык мүмкүнчүлүктү өнүктүрүү тууралуу айта албайбыз. Жогоруда айтылгандарды эске алуу менен биз бизнести, тийиштүү инфраструктураны өнүктүрүүнү, ишканалардын жайгашуу орду жана профили боюнча сунуш-пикирлерди уюштурууну, ири ишканаларды кичи ишканалар менен кооперацияга көмөк көрсөтүүнү жана башкаларды колдоого алууну стимулдаштыруучу механизмдерин иштеп чыгууну сунуштообуз керек", - деди премьер-министрдин милдетин аткаруучу.
Жыйындын соңунда Экономикалык реформалар боюнча кеңештин катышуучулары тараптан эки апталык мөөнөттө экономиканын маанилүү тармактарын реформалоо боюнча концептуалдык сунуштарды даярдап, кеңештин кароосуна киргизүү чечими кабыл алынды.


1 |