400 комплект өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппарат. Казакстан Кыргыз өлкөсүнүн өтүнүчүн канааттандырып, гуманитардык жардам көрсөтөт
Коңшу Казакстан Кыргыз өлкөсүнө коронавирус инфекциясы менен күрөшүү үчүн медициналык каражаттардан турган гуманитардык жардам көрсөтөт. Казакстандын президенти Касым Жомарт-Токаевдин тапшырмасынын негизинде 400 комплект өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппарат, казакстандык өндүрүштөгү бет каптан 2 миллион даана берилет. Бул тууралуу казак басылмалары жазып, аталган гуманитардык жардам Кыргыз тараптын расмий кайрылуусунан кийин көрсөтүлүп жатканын белгилешкен.
29-октябрда тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Казакстандын тышкы иштер министри Аскар Мамин менен жолугушкан. Анда тараптар COVID-19 пандемиясынын жайылышына каршы туруу маселелерине өзгөчө көңүл бурушуп, коронавирустук инфекциянын кесепеттерин жоюу максатында министр Руслан Казакбаев муктаж болгон дары-дармектер жана жеке коргонуу каражаттары менен камсыз кылууда жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу өтүнүчү менен казак тарапка кайрылган.





1 |