Мамагенттик: "Өлкө аймактарында көмүргө болгон баанын жогорулаганы байкалууда"




Өлкө аймактарында көмүргө болгон баанын жогорулаганы байкалууда. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги билдирет.
Маалыматта мамагенттик тарабынан көмүрдүн баасына мониторинг жүргүзүү максатында отун базаларына чыгуулар уюштурулганы айтылат.
"Азыркы учурда республикада көмүргө болгон баалардын жогорулагандыгы байкалууда. Жогорулоонун негизги себеби болуп сезондук фактор эсептелет. Алсак, кыш мезгилинде көмүргө болгон суроо-талап жогору болот. Ошол эле маалда көмүр алып келүүчү ишкерлердин жолго болгон чыгымдары дагы көбөйөт. Буга байланыштуу көмүр сатуучуларга жана отун базарлардын администрацияларына түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Алар менен сүйлөшүүдө алып-сатуучулукка жана бааларды негизсиз жогорулатууга жол бербөөгө көңүл буруу белгиленди. Мониторингдин жүрүшүндө белгиленгендей, рынокто көмүрдүн тартыштыгы байкалган жок, бардык көмүр базаларында көмүр жетиштүү көлөмдө бар", - деп жазылат маалыматта.
