Аламүдүн районунда талап-тоноо кылмышына шектүү жаран колго түштү
Аламүдүн районунда талап-тоноо кылмышына шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-сентябрда Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, милицияга 36 жаштагы З.Т. аттуу тургун арыз менен кайрылып, 19-сентябрда саат 14:00дөр чамасында чүмбөтчөн белгисиз адам үйүнө кирип сабап, баасы 700 доллар болгон телефонун жана 2000 сом акчасын алып кеткендигин айткан. Милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектелип 25 жаштагы Д. Илья аттуу Бишкек шаарынын тургуну колго түшүрүлдү. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:12
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.