super.kg logo

Жумгалда 21 жаштагы жаран бычактан жаракат алып, ооруканага түштү. Шектүү кармалды

 

Нарын облусунун Жумгал районунда 21 жаштагы жаран бычактан жаракат алып, ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Малыматка ылайык, 13-ноябрь күнү болжол менен саат 22:45 чамасында Жумгал районунун үй-бүлөлүк медициналык борборунун фельдшери 102 кызматына телефон чалган. Анда ал Жумгал районунун Чаек айылынын 2001-жылы туулган Т.С аттуу тургуну бычактан жаракат алып ооруканага кайрылганын билдирген.

Аталган билдирүү боюнча ыкчам тергөө тобу аймактык ооруканага барып, жаран денесинен жаракат алгандыгын аныкташкан. Териштирүү ишинде Чаек айылынын 20 жаштагы тургуну Р.Т менен жабырлануучунун ортосунда пикир келишпестик орун алган. Шектүү жанында салып жүргөн бычак менен Т.С.ны бир жолу сол жак бел тушуна сайып жиберген. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Учурда окуяга тиешеси бар адамдар тергөө кызматына өткөрүлүп берилип, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: