Экс-президент Сооронбай Жээнбеков туулган күнүнө карата айтылган каалоо-тилектерге ыраазычылык билдирди
Экс-президент Сооронбай Жээнбеков туулган күнүнө карата айтылган каалоо-тилектерге ыраазычылык билдирди. Бул тууралуу анын социалдык тармактардагы баракчасына жарыяланды.
"Кечээ, 16-ноябрда менин дарегиме жылуу сөздөр менен бирге куттуктоолор айтылып, жазылды. Ар бириңизге чын дилимден ыраазычылыгымды билдирем. Мен үчүн айтылган ар бир каалоо-тилектериңер кымбат, өзгөчө маанилүү. Мага эмне кааласаңыздар, сиздерге да ошону каалайм. Ар бир үйдө жакшылыктар көп болсун. Бекем ден соолукта болуңуздар. Кыргыз мамлекетибизди жараткан Кудай колдосун", - деп жазылды Жээнбековдун кайрылуусунда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:36
2026-03-08
14:14
2026-03-08
13:58
2026-03-08
12:42
2026-03-08
Рейтинг:
2
2
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















