super.kg logo

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу автожолдорду тейлөөгө тартылган бардык кызматтарды күнү-түнү иштөөгө өткөрүү керектигин айтты

 

Аймактык жана эл аралык автожолдорду тейлөөгө тартылган бардык кызматтарды күнү-түнү иштөөгө өткөрүү зарыл. Бул тууралуу премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков кыш мезгилинде жолдордун коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жыйында билдиргенин өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Аба ырайы кескин начарлап кеткенин көрүп жатабыз. Бул өзгөчө кооптуу деген жолдорго жана ашууларга таасирин тийгизет. Жолдордогу унаалардын тыгынын алдын алуу үчүн биз бардык чараларды көрүшүбүз керек. Бул үчүн бардык кызматтар күчөтүлгөн режимде иштөөгө тийиш. Бардык аймактар, айрыкча эң кооптуу жерлер, кар көчкүлөрүнөн өз убагында тазаланууга тийиш", - деди Новиков.

Транспорт жана жолдор министрлигинин маалыматы боюнча, инерттик материалдар менен күйүүчү жана майлоочу май жетиштүү. Каттамдарды тазалоо үчүн атайын техникалар жетишсиз. Бул маселе учурда чечилүүдө. Жалпысынан кыш мезгилине даярдыктын көрсөткүчү 80 пайызды түзөт.

"Унаалардын кыймылынын токтошу өлкөнүн экономикалык компонентине таасир этет. Бул азыркы шартта өзгөчө актуалдуу. Биз буга жол бере албайбыз. Ошондуктан ар бир мамлекеттик орган өз ишин максималдуу түрдө жогорку деңгээлде аткарууга тийиш. Кырдаалдын начарлап кетишине жол бербешибиз зарыл", - деди ал.

Жыйындан соңунда Новиков Транспорт жана жолдор министрлигине жеңил жана оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларына каттамдарда, айрыкча кооптуу тилкелерде коопсуздук чараларын сактоо, кышкы дөңгөлөктөрдү салуу жана чынжырчаларды алып жүрүү боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү тапшырды. Ички иштер министрлигине зарылдыкка жараша ашуулардагы жолдорду тосуу графигин камсыз кылуу тапшырылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жылынуучу түйүндөрүн, ошондой эле эл аралык маанидеги унаа жолдорунун кооптуу участокторунун жанында медициналык жардам көрсөтүү пункттарын уюштуруу тапшырмасы берилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: