super.kg logo

Быйыл январь-октябрь айларында 62 миллиард 646 миллион сом өлчөмүндө салык жыйналды

 

2020-жылдын январь-октябрь айларынын аралыгында Мамлекеттик салык кызматы тарабынан 62 миллиард 646 миллион сом өлчөмүндө салык жыйналды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин комитет жыйынында белгилүү болду.

Маалыматка ылайык, салык бекитилген пландын 98,8 пайызы аткарылган. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилиндеги чогултулган салыкка караганда 521 миллион сомго аз. Анын ичинен республикалык бюджетке 50 миллиард 300,5 миллион сом жыйналып, 99,3 пайызга аткарылган. Жергиликтүү бюджет боюнча алсак, 12 миллиард 345,7 миллион сом салык чогултулуп, пландын 97,1 пайызына жеткен.

Ошондой эле он айдын жыйынтыгында Бажы кызматы тарабынан 20,7 миллиард сом акча каражаты жыйналып, берилген тапшырма 70,8 пайызга гана аткарылган. Буга Бажы кызматынын төрагасы Кадыржан Семетеев пандемиядан улам жаралган көйгөйлөрдү жүйө катары келтирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: