super.kg logo

Өкмөт 2020-жылдын декабрь жана 2021-жылдын январь-февраль айларына 100 миң сомго чейин насыя алгандарга үстөгүн төлөөдөн бошотту

 

Өкмөт 2020-жылдын декабрь жана 2021-жылдын январь-февраль айларына 100 миң сомго чейин насыя алгандарга үстөгүн төлөөдөн бошотту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 9-ноябрда ошол учурдагы президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Нарын облусундагы иш сапарында жергиликтүү эл коронавирус инфекциясынан улам киргизилген чектөөлөргө байланыштуу насыяларды төлөө боюнча маселе жаралганын айтышкан.

Бул чечим коронавирус инфекциясынын пандемиясы менен шартталган эпидемиологиялык жана социалдык кырдаалга байланыштуу кабыл алынды.

Токтомго ылайык, эгерде насыя алуучунун 100 миң сомго чейинки сумманы бир нече жерден алса, пайыздар тандалган насыялардын бири боюнча гана төлөнүп берилет.

Финансы министрлигине 5 жумушчу күндүн ичинде каржы-кредиттик уюмдарга субсидиялардын болжолдуу суммасын которуу тапшырмасы берилди.

Бул чечимге премьер-министр кол койду. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: