super.kg logo

Бишкектин "Тез жардам" кызматына 6 унаа тапшырылды

 

Бишкектин "Тез жардам" кызматына алты унаа тапшырылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шаардын социалдык саясат боюнча вице-мэри Айжан Чыныбаева шаардык "Тез жардам" кызматына "А" классындагы алты жаңы тез жардам унаасын тапшырды.
"Орусияда чыгарылган "Соболь" унаалары жалпы тез жардам бригадасына арналган. Алар бардык керектүү дарылоо-диагностикалык жабдуулар менен бейтапты кычкылтек менен камсыз кылуу, электрокардиографтар, небулайзерлер, дары-дармектерди сактоочу чемодандар менен жабдылган.
Учурда шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгынын автопаркынын балансында 54 автоунаа бар. Анын ичинен 13ү колдонуудан чыгарылууга тийиш, ошондой эле 8 атайын унаа медициналык тез жардам борборуна катталган. Баса, бир күндө орто эсеп менен 31-34 бригада ишке чыгышат. Атайын унаалар "Вираж" компаниясы тарабынан 13,7 миллион сомго жеткирилип, каражат шаардык бюджетте каралды.
Ушул жылдын июнь айында шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгы Бишкек шаарындагы медициналык тез жардам борборуна "А" классындагы алты тез жардам унаасын сатып алууга тендер жарыялаган", - деп жазылат маалыматта.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: