super.kg logo

Коопсуздук кеңешинин катчысы ЖККУнун коопсуздук кеңешинин катчыларынын комитетинин жыйынына катышты

 

Бүгүн, 17-ноябрда Коопсуздук кеңештин катчысы Рыскелди Мусаев Жамааттык коопсуздук боюнча келишим уюмунун Коопсуздук кеңешинин катчыларынын комитетинин видеоконференция форматындагы жыйынына катышты. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жыйында ЖККУга мүчө-мамлекеттердин коопсуздук абалына учурдагы чакырыктардын жана коркунучтардын таасиринин деңгээли талкууланды.

Жамааттык коопсуздуктун алкагында баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүдө өз ара кызматташууну күчөтүү, аскердик жана аскердик-техникалык кызматташууну кеңейтүү, эл аралык терроризмге, террористтик жана аны менен байланышкан экстремисттик идеологиянын жайылышына каршы аракеттерди координациялоо боюнча чаралар иштелип чыккан.

Рыскелди Мусаев өз сөзүндө согуш аракеттери токтобой, курч кризистик абал өкүм сүрүп жаткан аймактардагы терроризм менен радикализмдин башка жактарга жайылуу процесси уюмдун жоопкерчилигиндеги аймакта коопсуздук үчүн олуттуу көйгөйлөр болуп саналарын белгиледи.

Бардык топтордун кызыкчылыктарды бирдей кабылдоосу аркылуу, ошондой эле социалдык адилеттүүлүк, жашоо, маданият, каада-салт жаатындагы коомдук байланыштарды колдоо жана өнүктүрүү аркылуу азыркы кездеги ар кандай чакырыктарга карай туруктуулукка жетишүүгө болот.

Ошондой эле ЖККУ Коопсуздук кеңешинин катчыларынын комитети тарабынан аскер жана аскердик-техникалык кызматташуу, ЖККУнун тынчтык орнотуу күчтөрү жана Ыкчам жооп кайтаруунун жамааттык күчтөрүн (ЫЖЖК) жабдуу, ЖККУнун баңгизаттарга каршы стратегиясы жана мамлекеттик бийлик органдары үчүн кадрларды даярдоого тиешелүү Жамааттык коопсуздук кеңешинин бир катар чечимдеринин долбоорлору каралып, жактырылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: