Чүйдө автокырсыктан бир адам каза тапты, экинчисинин абалы оор
Чүйдүн Новопавловка айылында жол кырсыгы катталып бир адам каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 27-сентябрда Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди. 26-сентябрда саат 20:00 чамасында Ауди А-4 үлгүсүндөгү унаа жөө жүрүүчүлөр өтүүчү жайдан эки адамды сүзүп кеткен. Натыйжада оор жаракаттан улам 21 жаштагы жергиликтүү тургун ооруканада каза тапты. Экинчи жабырлануучунун да абалы оор экени айтылууда. Учурда жол кырсыгынын чоо-жайы иликтенип жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:12
2025-06-25

16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.