super.kg logo

Пакистан 4 медициналык окуу жайды "жашыл тизмеге" киргизгенин министрликтен тастыкташты

 
Пакистан 4 медициналык окуу жайды "жашыл тизмеге" киргизди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз Республикасынын Пакистандагы элчилиги жана Пакистандын Кыргыз өлкөсүндөгү элчилиги менен биргеликте жасаган комплекстүү иштеринин жүрүшүндө 4 медициналык окуу жай жашыл тизмеге кирди.

Алар:

  • И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы;
  • Ош мамлекеттик университети;
  • Кыргыз-Орус (Славян) университети;
  • Эл аралык жогорку медициналык мектеби.

"Министрлик тарабынан иштелип чыккан "жол картасына" ылайык, экинчи этапта министрлик өлкөдөгү медициналык окуу жайлардын учурдагы абалын аныктаган соң Пакистан медициналык кеңешине айрым медициналык ЖОЖдорду кайрадан "жашыл тизмеге" киргизүү сунушу жөнөтүлөт.

Кийинки этапта пакистандык комиссия Кыргыз өлкөсүнө чакырылат. Комиссия өлкөдөгү бардык медициналык окуу жайларды караган соң талаптарга жооп берген медициналык ЖОЖдорду жашыл тизмеге киргизүү маселеси каралат", - деп айтылат министрликтин маалыматында.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
18.11.2020. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Башканы билбеймго ОшМУда коррупция гулдоп онуккон.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: