super.kg logo

Өзбекстан Кыргыз өлкөсүнө гуманитардык жардам көрсөттү

 

Өзбекстан Кыргыз өлкөсүнө гуманитардык жардам катары 3 миң тонна буудай берди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосунда эң жогорку деңгээлдерде жетишилген макулдашууларга ылайык, 17-ноябрда Ош шаарында Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзийоевдин демилгеси менен өлкөдө коронавируска каршы күрөшүүнүн алкагында Өзбекстандан Кыргыз өлкөсүнө азык-түлүк жардамын (3 000 тонна буудай) өткөрүп берүү аземи болуп өттү", - деп жазылат маалыматта.

Өзбек тарап темир жол аркылуу азык-түлүк жардамын Ош шаарынын станциясына жеткирип, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдураимовго тапшырды.

Иш-чарага Тышкы иштер министрлигинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, өкмөткө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун, "Кыргыз темир жолу" УК мамлекеттик ишканасынын жетекчилери, Саламаттыкты сактоо министрлигинин аймактык органдарынын өкүлдөрү жана ЖМКлар катышты.

Мындан сырткары жакынкы аралыкта Бишкек шаарында жана Баткен облусунун Кадамжай районунда 400 орундуу өзбек тарабынан курула турган эки инфекциялык оорукана үчүн Кыргыз өлкөсүнө модулдук конструкцияларды жеткирүү күтүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: