super.kg logo

2020-жылы мамлекеттик бюджеттеги дефицит дээрлик 36 миллиард сомго жетери күтүлүүдө

 

2020-жылы мамлекеттик бюджеттин тартыштыгы дээрлик 36 миллиард сомго жетери күтүлүүдө. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, инфляциянын көлөмү бул жылы 3,7 пайызды түзсө, кийинки жылы 4,9 пайызга жетери күтүлүүдө.

"Мамлекеттик бюджетти кайра саноодо дефицит 35 миллиард 600 миллион сомго жетери белгилүү болду. Бул жыл башындагы эсептөөлөргө караганда 7 миллиард 900 миллион сомго көп. Тактап айтканда, жыл ичиндеги казынанын чыгашалары 172 миллиард 700 миллион сом болсо, киреше 137 миллиард 100 миллион сомго жетери белгилүү болду. Дефициттин 1 миллиард 400 миллион сому ички, 34 миллиард 200 миллион сому тышкы булактар аркылуу жабылат", - деп айтылат маалыматта.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: