super.kg logo

Түркияда коронавирустан улам коменданттык саат киргизилет

 

Түркияда коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү үчүн дем алыш күндөрү коменданттык саат киргизилет. Мындай чечимди аталган өлкөнүн президенти Режеп Тайип Эрдоган кабыл алганын, чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

"Коронавирустун алдын-алуу үчүн жаңы чараларды киргизүүнү чечтик. Дем алыш күндөрү саат 10:00дөн 20:00гө чейин коменданттык саат киргизилет", - деген Эрдоган.

Мындан тышкары, жыл аягына чейин өлкөдөгү бардык кинотеатрларды жабуу чечими кабыл алынган.

Акыркы маалыматтар боюнча Түркияда жалпы 421 миң 413 адамдан коронавирус аныкталды. 11 миң 704 адам каза болсо, 359 миң 63 бейтап айыгып чыкты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: