super.kg logo

15 миллион доллар кайда кетти? Финансы министрлигинин отчёту суроо жаратты

 

Финансы минстрлиги Коронавирус дарты менен күрөшүүгө жумшалган каражаттар боюнча отчёт берди. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Белгилүү болгондой, 2020-жылы илдет менен күрөшүү үчүн мамлекеттик бюджеттен 6 миллиард 100 миллион сом өлчөмүндөү каражат бөлүнсө, анын 5 миллиард 100 миллион сому иштетилген.

"Пандемия менен күрөшүүдө саламаттыкты сактоо тармагын колдоо максатында жалпы суммасы 56 миллион 100 миң АКШ долларын түзгөн акча каражаты эл аралык донорлордон тартылды. Анын ичинен 21 миллион 100 миң доллар Дүйнөлүк банктан, 20 миллион доллар Азия өнүктүрүү банкынан, 15 миллион доллар Ислам өнүктүрүү банкынан алынды.

Бүгүнкү күндө каражаттын 8 миллион 700 миң доллары иштетилип, 32 миллион 750 миң доллар 2020-2021-жылдарга калтырылды", - деп жазылган маалыматта.

Финансы минстрлигинин маалыматына таянсак, донорлордон келген каражатка 14 миллион 650 миң доллар жетпей калган. Тактап айтканда, 56 миллион 100 миң АКШ долларынын 8 миллион 700 миң доллары сарпталган болсо 47 миллион 400 миң доллар калышы керек эле. Бирок, минстрликтин маалыматында 32 миллион 750 миң доллар калганы көрсөтүлгөн. SUPER.KG порталынын тактоо иретиндеги суроосуна аталган мекеменин басма сөз кызматы кийинчерээк жооп берерин билдирди.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
18.11.2020. 22:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Жеенбеков менен Боронов жеди да
19.11.2020. 00:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кустуруш керек! Биз чет олкодо бок курсактардын тамагы учун иштеп жургон жокпуз
19.11.2020. 02:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Чөнтөккө кетти,.
Биз миллион сомду араң бир-эки жылдап иштесекта топтой албайт экенбиз, а булар доллар сүйлөшөт, жешет
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: