super.kg logo

Ысык-Көл облусунда тойкана жана коомдук тамактануучу жайларды 10 күнгө жаап туруу сунушталды

 

Ысык-Көл облусунда коомдук тамактануучу жайларды 10 күнгө жабуу сунушталды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ысык-Көл облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эльмира Усенова билдирди.

Маалыматка ылайык, мындай сунушка бардык эле тойканалардын, коомдук тамактануучу жайлардын жетекчилиги макулдугун беришкен эмес.

"Бүгүнкү күндө облустук ыкчам штабдын чечими менен ар тараптуу иш-чараларды карап жатабыз. Облуста коронавирус илдети көбөйүп жаткандыгына байланыштуу биз алдын алуу максатында жана илдетти андан ары жайылтпоо үчүн облустун аймагындагы 61 айыл өкмөттүн, акимдерди чакырып чоң жыйын өткөрдүк. Жыйындын алкагында тойкана, кафелердин ээлерин бир жарандык позиция кылып ноябрдын аягына чейин, тагыраагы, 10 күнгө токтотуп жаап бериңиздер деген сунушубузду айттык.

Бирок тойканалардын ээлери бардыгы эле макулдугун беришкен жок. Алар дагы өздөрүнүн көйгөйлөрүн (насыя, салык жана башка), нааразычылыктарын айтышты.

Жабылсын деген чечим чыккан жок. Биз жакынкы арада дагы тиешелүү чечимдерди кабыл алабыз", - деп билдирди Эльмира Усенова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: