super.kg logo
  Саясат  

Конституциянын жаңы долбоорунда депутаттардын санын 90го кыскартуу сунушталууда

 

Кечээ, 17-ноябрда Баш мыйзамдын жаңы долбоору коомдук талкууга коюлду. Конституциянын жаңы долбооруна киргизилген өзгөртүүлөр Элдик талаптарына ылайык сунушталып жатканы жазылат.

Ага ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттарынын санын 90 эл өкүлүнө чейин кыскартуу сунушталат.

"Конституция жөнүндөгү" мыйзам долбооруна берилген негиздеме-маалымкатта бул пункт төмөндөгүдөй жазылган.

"Элдик массанын талаптарын, президенттин жана өкмөттүн институттарын кайра форматтоону эске алуу менен Конституциянын Жогорку Кеңешке тиешелүү жоболоруна өзгөртүү киргизүү сунушталат, ага ылайык 5 жылга шайлануучу 90 депутатты шайлоого сунуш киргизилген. Мында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталат. Мажоритардык же пропорционалдык система боюнча (партиялык тизме боюнча) шайланган депутаттардын Жогорку Кеңештеги өкүлчүлүгү конституциялык мыйзам менен аныкталат. Мамлекет башчысы тарабынан өкмөттү түзүүнү парламенттин макулдугу менен жүргүзүү каралат. Жогорку Кеңеш президенттин ар жылдык кайрылууларын жана чыгып сүйлөгөн сөздөрүн угат.

Парламентке Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана мыйзамдары менен каралган башка ыйгарым укуктар да берилет.

Мыйзам чыгаруу ишинин практикасын эске алуу менен мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттеринин санын, аларга президентти жана өкмөт башчысын, алардын карамагындагы маселелер боюнча Конституциялык жана Жогорку Сотторду кошуу менен кеңейтүү сунушталат", - деп жазылган мыйзам долбоордо.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: