super.kg logo

О! мобилдик операторунан 4G LTE камтуусу жана сыйымдуулугу ѳсүүдѳ. Дагы 103 калк отурукташкан пункт

 

Ѳткѳн айда О! мобилдик операторунун техникалык адистери тѳртүнчү муундагы түйүндүн камтуусу менен сыйымдуулугун кыйла кѳбѳйтүштү. О! мобилдик операторунан 4G LTE түйүнүнүн камтуусу жакшыртылган аймакта он миӊдеген кыргызстандык жашайт жана жергиликтүү калк түйүндүн артыкчылыктарынан пайдалана алат. Масштабдуу иш тѳмѳнкү калктуу жерлерде аткарылды:

  • Чүй областы: Бишкек, Кара-Балта шаарлары жана Шалта, Интернациональное, Чолпон, Кеӊ-Булуӊ, Первомайское, Ленин, Талды-Булак, Кара-Ой, Кѳк-Жар, Биринчи Май, Петровка, Пригородное айылдары;
  • Ысык-Кѳл областы: Чолпон-Ата шаары жана Бостери, Тору-Айгыр, Сары-Ой, Чырпыкты, Чоӊ Сары-Ой, Ананьево, Чок-Тал, Кош-Кѳл, Григорьевка пристаны айылдары, Бактуу-Долоноту айылындагы «Каприз» эс алуу борбору;
  • Талас областы: Талас шаары, Атай Огонбаев, Чыйырчык, Үч-Эмчек айылдары;
  • Нарын областы: Ак-Тал, Баетов, Калинин, Ак-Муз, Ѳзгѳрүш, Талды-Суу, Кара-Булуӊ, Достук, Алыш, Сегизинчи март, Жерге-Тал айылдары;
  • Ош областы: Ош, Ѳзгѳн, Кара-Суу шаарлары, ошондой эле Ѳзгүр, Гүлчѳ, Мырза-Аке, Бабыр, Мичурин, Бакмал, Бексе-Жол, Дыйкан, Мамажан, Зарбалик, Агартуу, Телейкен, Ак-Шор, Жеке-Мисте, Найман, Сары-Таш, Хауз, Кесов, Арап, Тепе-Коргон, Кара-Кулжа, Кызыл-Мехнат, Кашгар-Кыштак, Ѳзгүр, Папан, Чычкан-Кол, Жар-Башы, Ак-Терек, Коммунист (Жаӊы-Ыштак), Кызыл-Байрак, Октябрь, Чагыр, Таш-Арык, Жар-Ооз, Кызыл-Ордо, Каратай, Куршаб, Адыр айылдары;
  • Жалал-Абад областы: Жалал-Абад жана Кербен шаарлары, Мундуз, Ала-Бука, Сапалак, Базар-Коргон, Сузак, Таш-Кутчу айылдары;
  • Баткен областы: Чет-Кызыл, Бай Кара-Бак, Андарак, Валакиш, Олагыш, Кулду, Кыргыз-Кыштак, Кызыл-Бел, Чек, Таян, Ак-Арык, Маданият, Бешкент, СССРдин 50 жылдыгы айылдары.

Жогорку ылдамдыктагы мобилдик интернет бизнес, билим берүү, аралыктан медициналык кеӊеш алуу, административдик кызматтарды пайдалануу жана башка кѳптѳгѳн нерселерге жаӊы мүмкүнчүлүктѳрдү камсыздайт. Бүгүнкү күндѳ О! мобилдик операторунан 4G LTE түйүнүн ишенимдүү алган аймактарда Кыргызстан калкынын 98%дан кѳбү жашайт. О! мобилдик операторунун LTE түйүнү ири областтык борборлорду гана эмес, мобилдик байланыштын болуусу олуттуу социалдык мааниге ээ алыскы аймактарды да камтыйт.

Камтуу картасы жана жана О! түйүнүнүн ѳнүгүүсү жѳнүндѳ регулярдуу жаӊылыктары www.o.kg сайтында.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: