super.kg logo

Жалал-Абадда мектептин курулушу толук бүтпөстөн колдонууга берилгендиги аныкталды

 

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда 225 орундуу мектептин курулуш иши толук бүтпөстөн эле пайдаланууга берилгендиги аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

"2014-жылдын 13-октябрында Жалал-Абад облустук капиталдык курулуш башкармалыгынан Аксы районунун Авлетим айылында 225 орундуу мектеп куруу үчүн «Эскада» ЖЧКсына 34 миллион 477 миң 753 сом акча каражаты которулган.

Ал эми иш жүзүндө 30 миллион 25 миң 64 сомдук курулуш гана жүргүзүлгөндүгүнө карабастан 2020-жылдын 14-июлунда аталган башкармалыктын кызматкерлери кызмат абалдарын кызматтын кызыкчылыктарына каршы пайдалануу менен пайда жана артыкчылык алуу максатында курулуш толугу менен бүткѳндүгү жѳнүндѳ кабыл алуу актысын түзүп, мектепти пайдаланууга мыйзамсыз берип жиберишкен. Натыйжада мамлекетке 4 миллион 452 миң 689 сомдук зыян келтирилген", - деп жазылат билдирүүдө.

Аталган факты 2020-жылдын 13-ноябрында Жалал-Абад облустук прокуратурасы тарабынан Жазык кодекстин 320-беренесинин негизинде (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен реестрге катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: