"Каршылыгымды айткам". Депутат Эмил Токтошев Конституциянын жаңы долбооруна кол койбогонун айтып чыкты

"17-ноябрь түнү Конституциянын өзгөртүлгөн варианты Жогорку Кеңештин сайтына илинди. Ал жерде 80 депутаттын колу бар экен. Анын ичинде мени да кол койгон деп чыгарышыптыр. Мен долбоорго кол койбогонумду дагы бир жолу баса белгилейм!
Мен Конституцияны өзгөртүүчү топко кирүү үчүн, ал процессти ичинен көрүү үчүн, ал долбоорду жазып атканда парламентаризмдин позициясын коргоо үчүн, демилгелөө топко кирүү үчүн колумду койгом. Кечээ даяр долбоорду көрсөткөндө, мен ошол эле жерден өзүмдүн каршылыгымды айтып, чыгып кеткем!
Мен бир гана парламентаризмди колдойм жана бул позициямдан тайбайм!" - деп жазган ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
19:52
2025-06-26
Рейтинг:
-2

