super.kg logo

Жалал-Абадда ден соолукту калыбына келтирүү оорулар бөлүмү убактылуу жабылды

 

Жалал-Абадда облустар аралык ден соолукту калыбына келтирүү "Бакыт" борборундагы 100 орундуу кошумча жугуштуу оорулар бөлүмү убактылуу жабылды. Бул тууралуу администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Мында иштеген 25 медицина кызматкери обсервацияга жиберилип, кайрылган бейтаптар мындан ары облустук клиникалык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүндө дарыланат.

Соңку аптада коронавирус илдетинин жарандар арасында жугуу көрсөткүчү басаңдаган. Ага ылайык, аталган жайдын иштөө муктаждыгы убактылуу жоюлуп, даярдык чаралары көрүлгөн шартта жабылды.

Белгилей кетсек, облустук клиникалык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмү жалпы 95 орунга ылайыкташкан. Азыркы учурда анда 43 орун бош. Акыркы суткада облуста 35 жаңы учур катталды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: