super.kg logo
  Саясат  

Саясий серепчи: "Сунушталып жаткан Конституциянын долбоору Курманбек Бакиевдин учурундагы конституцияга окшоштугу бар"

 

Кыргыз өлкөсүнүн Баш мыйзамынын жаңы долбоору кечээ коомчулукка жарыяланды. Жогорку Кеңештин 82 депутаты тарабынан демилгеленген Конституция коом арасында кызуу талкууга алынып жаткан учуру.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы саясий серепчи Алмаз Тажыбайга: "Конституция 90 пайызга өзгөрдү деп жатышат. Андай болсо 90 пайыз кимдин пайдасына өзгөрдү деп ойлойсуз?" деген суроо менен кайрылды.

"Ооба, 90 пайыз өзгөрдү дегенге кошулам. Конституциянын жаңы долбоору Курманбек Бакиевдин учурундагы 2007-жылкы конституцияны эске салды. Ал учурда президенттин бийлиги күчтүү позицияда эле. Бул жолку конституциянын жаңы долбоору боюнча президенттин ыйгарым укуктары андан да күчтүү позицияда жогорулатылган. Ошол эле маалда конституция боюнча президент эч кандай жоопкерчилик тартпайт. Бардык жоопкерчилик өкмөт башчыга жүктөлөт дагы, бир нерсе болсо президент өкмөт башчыны иштей албай калды деген жүйө менен кызматынан алып коё алат.

Эми элдик курултай институту тууралуу айтсак, алар дагы аткаруу бийлигинин, Жогорку Кеңештин ишине киришет. Жалпысынан долбоор бийликти узурпациялоого жол ачат. Негизи мурунку парламенттик же президенттик-парламенттик аралаш системин калтырганда туура болмок. Эгер бизде президент АКШдагыдай иштегенде конституциянын азыркы долбоорун коркпостон кабыл алсак болмок", - дейт саясий серепчи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: