super.kg logo

УКМК: "Жакынкы убактарда АКШга виза алуу жеңилдейт"

 

Жакынкы мезгилде Кыргыз өлкөсү ICAO PCD'нын маалымат базасына кошулат жана башка мамлекеттердин чек араларын тоскоолдуксуз өтүү үчүн жалпы жарандык биометрикалык паспорттор бериле баштайт. Бул тууралуу бүгүн УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Өлкөдөгү биометрикалык паспорттун тартыштыгына байланыштуу АКШ 2020-жылдын 31-январынан баштап Кыргыз жарандары үчүн иммиграциялык визаларга жана грин-карталарга чектөө киргизген. Жыл аягына чейин Германиянын "Muhlbauer ID Services GmbH" компаниясы менен түзүлгөн келишимдин негизинде жаңы муундагы биометрикалык паспорттордун бир бланкы 407 сомдон болгон биринчи партиясы Мамлекеттик каттоо кызматына жеткирилет”, - деп жазылат билдирүүдө.

Мындан улам өлкөгө электрондук биометрикалык паспорттордун киргизилиши АКШнын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Дональд Лу 2020-жылдын 4-ноябрында жарыялагандай, АКШ тарабынан биздин жарандар үчүн визалык чектөөлөрдү кайра карап чыгууга негиз болуп берет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: