super.kg logo

UFC уюмунун президенти: "Макгрегор менен Порье кур үчүн беттешпейт. Кур үчүн Хабиб беттешет"

 

UFC уюмунун президенти Дана Уайт 23-январда боло турган Конор Макгрегор менен Дастин Порьенин ортосундагы беттеш чемпиондук кур үчүн эмес экендигин айтты. Ал эми чемпиондук кур ушул тапта орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедовго таандык экендигин билдирип, анын сегиз бурчтукка кайтып келээри тууралуу ишенимин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айткан.

"Макгрегор менен Порье титул үчүн беттешеби?" деген суроо берилген Уайтка.

"Жок, чемпиондук кур үчүн Хабиб беттешет. Ал беттешке чыгат деп ишенем. Макгрегор-Порье беттеши кур үчүн эмес", - деп жооп берген Дана Уайт.

Буга чейин Хабиб Нурмагомедов Дагестандын башчысы менен жолугушуу учурунда UFC уюмуна эми кайтып барбай тургандыгын билдирген.

24-октябрда Абу-Даби шаарына жакын Яс аралында өткөн UFC 254 турниринде Хабиб Нурмагомедов америкалык мушкер Жастин Гэйтжини муунтуу ыкмасы менен утуп (29-0), карьерасын жыйынтыктап жатканын жар салган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: