super.kg logo
  Саясат  

Орусиялык серепчи Кыргыз өлкөсүнүн Конституциясынын жаңы долбоору боюнча оюн айтты

 

Өлкөнүн Баш мыйзамынын жаңы долбоору коомдо кызуу талкуулардын жаралышына алып келди. Кыргыз өлкөсүндөгү саясий-коомдук кырдаал коңшу мамлекеттердин да көңүл чордонунда турганы бышык.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Кыргыз өлкөсүнүн Конституциянын жаңы долбоору тууралуу кандай пикирдесиз?" деген суроо менен орусиялык саясат талдоочу, Борбордук Азия мамлекеттери боюнча саясий эксперт Аркадий Дубновго байланышты.

Аркадий Дубнов Конституциянын жаңы долбоорун окуганын айтып, төмөндөгүдөй пикирин билдирди.

"Кыскасы, бул долбоор укмуштуу экен. Анын мааниси документтин авторлорунун кесиптик жараксыздыгынан, саясий бир жактуулугунан жана абсолюттук юридикалык алсыздыгынан кабар берет.

Буга күбө болуу үчүн президенттин жана өкмөт башчынын ыйгарым укуктары менен ЖМКлардын ишмердүүлүгүн жөнгө салуу боюнча беренелерди окуу гана жетиштүү.

Өлкөдөгү жогорку бийликти ооздуктап алууга даяр болгон адамга Түркмөн диктаторунун ийгилиги тынчтык бербей жаткандай сезим калууда.

Ошондой эле өлкөдө 10-январда эле Конституция боюнча референдум өткөрүп жиберүү боюнча сунуш, такыр эле үмүттү өчүрөт. Бул конституциялык процесстин мурун болуп көрбөгөндөй кадырын түшүрүү.

Өлкөнү укуксуздуктун жана "өзүм билемдиктин" сазына алып баруу. Ал эми коомдук жашоону примитивдүү жашоого түртүү деп эсептейм" , - деди Аркадий Дубнов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: