Орусияда эки баланын жансыз денеси апасынын жанынан табылды
Москва шаарынын түндүк-чыгышындагы Тайнинская көчөсүндөгү батирден эки баланын жансыз денеси табылды. Жансыз дене табылган учурда балдардын апасы үйдө болгон. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 2015-жылы төрөлгөн эркек жана 2017-жылы төрөлгөн кыздын жансыз денесин атасы жумуштан келгенден кийин тапкан. Батирде каза болгон балдардын 25 жаштагы апасы дагы болгон. Бирок ал азырынча эч нерсе түшүндүрүп айтпай жатат. Алдын ала маалыматтарга караганда, балдардан зордук-зомбулуктун издери табылган эмес.
Учурда бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:00
2025-07-01
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.