super.kg logo

Ош шаарынын аймагында мыйзамсыз курал алып жүргөн жаран кармалды

 

Бүгүн, 18-ноябрда милиция кызматкерлери тарабынан Ош шаарынын аймагында мыйзамсыз курал алып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош шаарынын аймагында Ысык-Көл облусунун 1997-жылы туулган тургуну М.У айдап бараткан БМВ үлгүсүндөгү автоунаа токтотулуп, тинтүү иштери жүргүзүлгөн.

"Тинтүүнүн жыйынтыгында автоунаанын багажынан 1 даана АК-103 үлгүсүндөгү, 7.62 калибриндеги ок атуучу курал, анын 6 даана огу, 2 бычак жана салмагы 3, 93 граммды түзгөн "гашиш" наркотикалык затына түспөлдөш зат алынды.

Ошол эле учурда кармалган жаран убактылуу жашаган Ош шаарынын Курманжан Датка кичи районундагы батирге тинтүү иштери жүргүзүлдү.Тинтүү учурунда ал үйдө ИИМдин атайын тизмесинде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турган, 1991-жылы туулган Ош облусунун Өзгөн районунун тургуну Ч.Н. болгон. Ал аталган батирде убактылуу ижара акысын төлөп, М.У. менен бирге жашап жаткандыгын билдирген.

Тинтүү учурунда уктоочу бөлмөдөн дагы салмагы 4.20 граммды түзгөн "гашиш" наркотикалык затына түспөлдөш зат алынды. Курал жарактарды, наркотикалык заттарды мыйзамсыз сактагандыгы боюнча ачылган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында табылган далил буюмдарга карата соттук-криминалистикалык, соттук-баллистикалык жана соттук-химиялык экспертизалар дайындалды", - деп жазылат маалыматта.

Учурда бул фактынын алкагында тергөө, оперативдик иш-чаралар уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
18.11.2020. 20:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Садырдын Оштогу ишенимдуу кишиси окшойт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: