Вице-премьер аскер институтундагы көйгөйлөрдү чечүү боюнча сунуштарды киргизүү тапшырмасын берди



Вице-премьер-министр Максат Мамытканов К.Үсөнбеков атындагы Куралдуу күчтөрдүн аскер институтуна барды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык. вице-премьер-министр окуу жайынын иши, окуу кабинеттери менен таанышып, институттун ишмердүүлүгү жана тарыхы боюнча маалыматты угуп, анын негизги өнүгүү багыттарына кеңири токтолду.
Максат Мамытканов белгилегендей, аскер институтунун курсанттарына чоң жоопкерчилик жүктөлгөн.
"Силер Кыргыз Республикасынын куралдуу күчтөрүнүн келечектеги офицерисиңер. Аскер институтун аяктаган соң алган билимиңерди өлкөнүн куралдуу күчтөрүн өнүктүрүүгө жана коргонуу мүмкүндүгүн чыңдоого багыттаарыңарга ишенем", - деп билдирди вице-премьер-министр.
Мындан тышкары, таанышуу учурунда институттун аймагындагы оңдоо иштерине, окуу-усулдук адабияттарды жаңыртууга, анын ичинде окуу процессин уюштуруу үчүн автоматташтырылган техникалык каражаттарды алууга байланыштуу көйгөйлөр айтылды.
Жыйынтыгында вице-премьер-министр Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетке көрсөтүлгөн көйгөйлөрдү чечүү боюнча сунуштарды киргизүү тапшырмасын берди жана көмөк көрсөтүүгө даярдыгын билдирди.
