Бел жайлоосундагы жардан кулап кеткен унаадагы адамдын жансыз денеси табылды
Бел жайлоосунда жарга түшүп кеткен унаадагы дайынсыз болуп жаткан жарандын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Достук айыл өкмөтүнүн Кызыл-Туу айылынын үч жараны, Достук айыл өкмөтүнө караштуу Бел жайлоосунда Нива үлгүсүндөгү автоунаа менен жардан түшүп кеткен. "2000-жылы туулган К.Б. ошол жерден каза болгон, 1979-жылы туулган Р.К. оор жаракат алып, Майлуу-Суу шаардык ооруканасына жеткирилген, 1977-жылы туулган А.К. дайынсыз жоголгон.
18-ноябрь күнү саат 12:30да куткаруучулар А.К.нын жансыз денесин таап, жардын астынан аркан менен алып чыгышып, туугандарына өткөрүп беришкен", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:59
2026-08-13
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















