Мамлекет башчылары академик Жаныбек Шаршеналиевди эскеришти
18-ноябрда Улуттук илимдер академиясынын академиги, техника илимдеринин доктору, профессор Жаныбек Шаршеналиев 79 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Академик Жаныбек Шаршеналиев - көрүнүктүү окумуштуу, техникалык кибернетика, автоматтык башкаруу теориясы жаатындагы илимий мектептин жетекчиси, илимдин ири уюштуруучусу, таанымал педагог жана белгилүү коомдук ишмер.
Жаныбек Шаршеналиевдин жана анын окуучуларынын илимий жетишкендиктери космостук техникада, кеме курууда, энергетикада, компьютердик жана телекоммуникациялык технологиялар жаатында кеңири колдонулат.
Анын туугандарынын, жакындарынын жана элибиздин эсинде дасыккан илимпоз, үлгүлүү жетекчи катары түбөлүккө калат.
Үй-бүлөсүнө, балдарына, неберелерине жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз жана кайгысын тең бөлүшөбүз", - деп жазылат эскерүүдө.
Талат Мамытов, Артём Новиков, Роза Отунбаева, Сооронбай Жээнбеков, Гүлбара Калиева.
