Президенттин милдетин аткаруучу Казакстандын элчиси менен саясий жана экономикалык байланыштардын азыркы абалы тууралуу талкуулашты




Бүгүн, 18-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Казакстандын Кыргыз өлкөсүндөгү атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Кайрат Нурпеисовду кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Жолугушууда саясий жана экономикалык байланыштардын азыркы абалы, парламенттер аралык мамилелерди өнүктүрүү чаралары жөнүндө пикир алышты.
Президенттин милдетин аткаруучу эки боордош өлкөнүн ортосундагы кызматташуу өз ара аракеттешүүнүн дээрлик бардык тармактары камтылган салттуу жогорку деңгээлге жана жигердүү динамикага ээ экенин белгиледи.
Ал эки тараптуу мамилелер мындан ары да достуктун, союздаштыктын жана стратегиялык өнөктөштүктүн негизинде өнүгүшү керектигин баса белгиледи.
Ошондой эле Талант Мамытов жүк ташуучу унаалардын мамлекеттик чек ара тилкелериндеги өткөрмө пункттары аркылуу тоскоолдуксуз өтүүсүнө көмөк көрсөтүү мүмкүнчүлүгүнө казак тараптын көңүлүн бурду.
Ошону менен бирге тараптар Казакстан тарабынан коронавирус инфекциясы пандемиясына байланыштуу мурда токтотулган "Бишкек-Талас" каттамы боюнча жүргүнчүлөрдү ташууну жандандыруу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.
"Кыргыз жарандары Казакстандын аймагынан транзит менен гана өтөрүн эске алып, казак тарап кыргыз тарапка жеңилдикти мүмкүнчүлүк катары карап көрсө", - деди Талант Мамытов.
Парламенттер аралык кызматташуу жөнүндө сөз кылып жатып, тараптар бул багыттагы иштер өлкөлөр ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөгө өбөлгө түзөрүн белгилешти. Кыргыз өлкөсү менен Казакстандын парламенттери КМШ, ЖККУ, ТүркПАнын парламенттер аралык ассамблеясынын, ошондой эле башка парламенттер аралык уюмдардын алкагында өз ара тыгыз кызматташат.
Ал өз ара пайдалуу кызматташууну мындан ары да түбөлүк достук жана союздаштык мамилелер жөнүндөгү келишимдердин негизинде улантууга даяр экендигин билдирди.
