Президенттин милдетин аткаруучу Орусиянын элчиси менен жолугуп, кызматташуунун азыркы абалы тууралуу талкуулашты

Бүгүн, 18-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Орусиянын Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Николай Удовиченкону кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкө ортосундагы саясий жана экономикалык кызматташуунун азыркы абалы тууралуу пикир алмашуу болду.
Президенттин милдетин аткаруучу Орусия тарапка саясий кризистен чыгууга көрсөткөн колдоосу, ошондой эле коронавирус пандемиясына байланыштуу өлкөдөгү татаал мезгилде Кыргыз Республикасына көрсөткөн ар тараптуу көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди.
Талант Мамытов өлкөлөр ортосунда ырааттуу жүрүп жаткан авиа каттамдардын санын көбөйтүү зарылчылыгын белгиледи.
"Каттамга ПЧР-тестинин жыйынтыгы терс чыккан жарандар гана өткөрүлүп жатат, бул эки өлкөнүн аймагына жаңы коронавирус инфекциясынын өтүп кетүү тобокелдигин азайтат. Ошондой эле бул чаралар эпидемиологиялык коопсуздук режимин колдоого өбөлгө болуп, биз өлкөлөр ортосундагы толук кандуу карым-катышка жана өз ара аракеттешүүгө кайта алабыз", - деди Талант Мамытов.
Ошондой эле мамлекет башчынын милдетин аткаруучу мамлекеттердин ортосундагы мамилелерди жөнгө салууда жана бекемдөөдө парламенттер аралык кызматташуу өзгөчө орунду ээлей турганын белгиледи.
Николай Удовиченко өз кезегинде Орусия тарап Кыргыз мамлекети менен стратегиялык жана союздаш мүнөздөгү эки тараптуу мамилелерди баалай турганын - мамлекеттердин ортосундагы интенсивдүү саясий байланыштар жана саясий диалог жүргүзүлүп турарын белгиледи.
