Мал-жандыктын катышуусундагы жол кырсыгына ким күнөөлүү болот? Ысык-Көл ОИИБи түшүндүрөт




Ысык-Көл облусунда ушул жылдын 10 айында облустун аймагында малдын катышуусу менен 134 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 2 адам каза болсо, 9 адам денесинен ар кандай жаракат алышкан. Жүздөн ашык унаа каражаттарынын ээлери материалдык чыгымдарга туш болушкан. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Мал айдоочуларга жол кыймылынын бардык катышуучуларына арналган эрежелердин 24 бөлүгүндө белгиленгендей төмөндөгү талаптар каралган:
- Малды жол аркылуу, эреже катары күндүзү айдоо керек. Жергиликтүү маанидеги жолдорду кошпогондо, аларды автомобиль жолдорунун боюна жана газондорго жаюуга тыюу салынат. Мал айдагандар малды мүмкүн болушунча жолдун оң жагына жакын айдоого тийиш.
- малды жолго кароосуз калтырууга;
- атайын бөлүнгөн жерлерден башка жерде, ошондой эле караңгыда жана айлана начар көрүнгөн шартта малды темир жол жана жол аркылуу айдоого;
- башка жолдор бар болгонуна карабай асфальт жана цемент-бетон төшөлгөн жол боюна мал айдоого;
Жол кыймылынын бардык катышуучуларына арналган эрежелеринде көрсөтүлгөн жогорудагы пункттардын талаптары аткарылбаса, анда мал айдоочуга карата 1000 сом өлчөмүндө айып пул салынышы мүмкүн.
Мындан тышкары эгерде соттук-техникалык экспертизанын жыйынтыгы жол кырсыгы малдын күнөөсү менен болгондугун тастыктаса, анда мал айдоочуга карата унаа каражатына келтирилген материалдык зыяндын ордун толтуруу жоопкерчилиги колдонулушу мүмкүн.
Учурда облустун автожолдорунда малдардын катышуусу менен жол кырсыктары орун алып жаткандыгын көӊүлгө алып, Ысык-Көл ОИИБи жергиликтүү тургундарга кайрылып, аларды үй жандыктарына сак болушун, мал айдап келүүнүн белгиленген тартибин бузбоого жана автожолдордо кооптуу кырдаалдарды түзбөөгө чакырып кетүүдө.
Айдоочуларга да мал жайылып жаткан жерлерди же болбосо алардын жолго кокусунан чыгып калуусун көрсөткөн жол белгилерине автоунаалары менен жакындап жаткан учурда өтө сак болуп, жол кырсыгына учурабаш үчүн тийиштүү ылдамдыкты сактоо керек экендигин эскертишет.
