Атамбаев менен жактоочусунун абактагы жолугушуусу тууралуу видео боюнча Замир Жоошев Башкы прокуратурага арыз жазды
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен анын жактоочусу Сергей Слесарёвдун абактагы жолугушуусу жашыруун камерага тартып алынган видео боюнча Атамбаевдин дагы бир жактоочусу Замир Жоошев Башкы прокуратурага арыз жазды. Бул тууралуу маалыматты SUPER.KG порталына Жоошев өзү тастыктады.
"Абактагы жашыруун тартып алынган видео боюнча кечээ, 18-ноябрда Башкы прокуратурага бардык далилдери менен арыз жаздым", - деди Жоошев.
Буга чейин Замир Жоошев узактыгы 42 мүнөттөн ашкан Атамбаев менен Слесарёвдун сүйлөшүүсү тууралуу видео 5-октябрда Ак Үйдөн табылгандыгы тууралуу билдирген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Asel69

19.11.2020. 11:13
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Азыр кыргыз элинин тагдырын жалгыз Садыр же анын айланасында жургон бир эки адам чечип койгонго эч акысы жок. Баш мыйзамды озгортумуш болуп жалпы бийликти менчиктеп алгысы келип жаткан Садырдын иши жакшылыка алып келбейт.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.