Жайыл районунда 100 миң сом жана алтын уурдаган айым колго түшүрүлдү
Чүй облусуна караштуу Жайыл районунда 100 миң сом жана алтын буюмдарды уурдаган 29 жаштагы И.З. аттуу айым кармалганын Чүй облустук ИИБинин басма сөз кызматы билдирди. Үстүбүздөгү жылдын 21-ноябрында Жайыл районунун тургуну ошол күнү саат 15:00дөр чамасында белгисиз адамдар үйүнөн акчасын жана алтынын уурдап кеткендиги тууралуу укук коргоо органдарына арыз менен кайрылган. Тиешелүү чаралар көрүлгөндөн кийин жогоруда аталган жаран кылмышка тиешеси бар деп кармалып, Кылмыш кодексинин 164-беренеси (Уурдоо) боюнча кылмыш иши козголду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.