super.kg logo

Коронавирус менен ооруган атасы кислородун уулуна берип өзү каза болду

 

Украинада коронавирус менен ооруп жаткан жаран өзү кыйналып турса дагы COVID-19 менен ооруган баласына кислородун берип өзү каза болду. Бул тууралуу аталган өлкөдөгү ыктыярчы Дана Яровая өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып калтырды.

"Менин таанышымдын атасы менен баласы коронавирус менен ооруп ооруканага жатыптыр. Киев шаарындагы ооруканаларда COVID-19 менен ооругандар үчүн кычкылтек концентраторлору жетишсиз. Мындан улам катуу ооруп жаткан бейтаптарга күнүнө 15 мүнөт кычкылтек менен дем алууга уруксат берилет. Атасы баласынын кыйналбашы үчүн өзүнүн 15 мүнөттүк кычкылтек менен дем алуусун баласына берип каза болду.

Эми атасынын 15 мүнөттүк дем алуусун уулуна берип жатабы билбейм", - деп жазган ал.

Украинада коронавирус инфекциясы тездик менен көбөйүүдө. Акыркы маалыматтар боюнча бул өлкөдө жалпы 586 миң 522 адамдан коронавирус аныкталды. 10 миң 431 адам каза болсо, 270 миң 269 бейтап илдеттен сакайган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: