Бүгүн, 19-ноябрь - Даараткананын эл аралык күнү. Буга карата SUPER.KG порталы социалдык тармактардагы Кыргыз өлкөсүндөгү дааратканаларга карата айтылган пикирлерди чогултту.
Ал пикирлерге ылайык, Кыргыз өлкөсүндөгү дааратканалардын абалы мышык ыйлаарлык деңгээлде экендиги жазылат.
Анда коомдук активист Илим Карыпбеков Ош облусундагы даараткананы видеого тартып башка облустар менен салыштырган. "Маданият деген ушул жерден башталат. Боло берет дегенден болотко өтөлү",- деген постун жарыялаган.
Ал эми өзүн кыргыздын деми атаган Гүлзат Мамытбек дагы өлкөдөгү дааратканаларды тазалоого үндөп келет. Ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына атайын комментарийлерге жооп берип жатып, бул маселеге мындайча токтолгон:
"Мен АКШдагы профессорлор менен Кыргыз өлкөсүнө келип, аларга котормочу болуп коштоп жүргөндө алар тоолорду көрүп аябай жыргашты. Анан эле бир маалда дааратканага кирип чыгайынчы деп калышты, Ош-Бишкек жолундагы дааратканаларга алып бардым. Ал жерден аябай уят болуп, ыйлагым келди. Дааратканадан чыккандан кийин ал профессордун маанайы дароо түшүп калды. Ал мага эч кандай сөз айткан жок, бирок мен байкап калдым. Ошондон кийин мен өзүмө-өзүм сөз бердим, Кыргыз өлкөсүндөгү ар бир даараткананы тазалайм, тазалаганга үндөйм. Биз ошону эле тазалап алсак, канча туристтер акчалары менен келет. Менин максатым - Кыргыз өлкөсүндөгү дааратканаларды тазалаш!" - деп билдирген Гүлзат Мамытбек.
Ал эми учурда чет өлкөдө иштеп жүргөн, социалдык тармакты активдүү колдонгон мекендештер туристтердин биздин жерден качып жаткандарынын бирден-бир себеби даараткана маселеси экенин айтып келишет.
Анда Бека Кайым аттуу Фейсбук колдонуучусу, таза даараткана талап кылам деген постун жарыялаган.
"Мен жүктөгөн Абу-Дабиде жээги бар чакан ресторан комплексиндеги даараткана бөлмөсүнүн сүрөттөрү. Эгерде биз Кыргыз өлкөсүндө туристтер үчүн жакшы шарттарды түзүп берүүнү кааласак, анда алгач өлкө боюнча айрыкча, аймактардагы дааратканалардан баштоо керек, жакшыртуу керек", - деген билдирүүсүн калтырып, сүрөт тиркеген.
Ошондой эле учурда Түркия мамлекетинде иштеп жүргөн Луи Жолчуева аттуу мекендешибиз, даараткана маданияты тил кандай маанилүү болсо ошондой маанилүү деген пикирин айткандан эч тажабайт.
Жасаса колдон келет бирок жасалбайт.Кээде чындап капа болосун жери кенен суусу жанында бирок туалетине киргенден жийиркенесин.Бул нерсе Ошто деле бар.Туалети куруп сууну ичине киргизип алса болот.Эки метир ары септик куруп алса болот.Кыйшайтып туалет куруп эшигин тряпка менен жаап койгонун корсон ,кыжаалат болосун.Уйуно кирсен босогодон торуно чейин килем,зангыраган уй,анан эле туалети начар ал жашоодо жоктой.Ош Бишкек жолунда кыйналасын,дегеле жолдо кый