super.kg logo
  Саясат  

Максат Мамытканов президенттик шайлоону АКШ каржылайбы деген суроого жооп берди

 

2021-жылдын 10-январына белгиленген президенттик шайлоого Кыргыз өлкөсүнүн гана бюджетиндеги акча сарпталат. Бул тууралуу бүгүн, 19-ноябрда вице-премьер-министр жана президенттик шайлоону өткөрүү боюнча республикалык штабдын башчысы Максат Мамытканов жыйын учурунда билдирди. Айтымында, шайлоо өткөрүүгө башка өлкөлөрдөн каржылык колдоо алынбайт.

"Бул шайлоо биздин өзүбүздүн казынадан бөлүнгөн акча менен өтөт. Ал эми башка өлкөлөрдөн келген жардам биздин бюджетте жок. Ошондуктан эгерде борбордук шайлоо комиссиясына жардам берсе, ал башка маселе. Биз шайлоо өткөрүп жатканда өзүбүздүн гана бюджетке таянабыз", - деди вице-премьер министр.

Эскерте кетсек, буга чейин маалымат каражаттарында президенттик шайлоону өткөрүүгө АКШ өкмөтү демөөрчү болот деген маалыматтар айтылып келген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: