super.kg logo
  Саясат  

"Мурунку шайлоодогу кемчиликтер бул шайлоодо кайталанбашы керек" дейт вице-премьер-министр

 

Бүгүн, 19-ноябрда вице-премьер-министр жана президенттик шайлоону өткөрүү боюнча республикалык штабдын башчысы Максат Мамытканов өкмөт үйүндө маалымат жыйын өткөрдү. Анда ал 2021-жылдын 10-январына белгиленген президенттик шайлоо боюнча маалыматтарды айтып, журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Ал жыйын учурунда бул жолку шайлоо таза өтүшү керек экенин айтып, мурунку катачылыктар кайталанбайт деп убада берди.

"Мурунку шайлоодо негизги нааразычылыкты туудурган жагдай бул форма-2 документи болчу. Андан тышкары болгон бүт шайлоо процессиндеги бузууларды көрдүк, анда акча таратуу жана башкалар болду. Мына ушундай учурларды бул шайлоодо болтурбоого бүт аракетибизди жана күчүбүздү жумшайбыз. Бул шайлоону таза өткөрүп берүүгө максат койдук жана аны далилдешибиз керек", - деди ал.

Ал парламенттик шайлоодоогу мыйзам бузуулардын жоопкерчилиги тууралуу төмөнкүлөргө токтолду.

"Парламенттик шайлоодо болгон катачылыктардын баарын борбордук шайлоо комиссиясы менен сот биргеликте чечип жатат. Ал сотко өкмөттүн эч кандай тиешеси жок. Мекемеге Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан көп материалдар берилген. Иликтөө аягына чыга элек, жыйынтык чыкса ал сотко өтөт. Анда укук коргоо органдары да бизге маалыматтарды берип жатышат. Өткөн шайлоолордогу мыйзам бузуулардын баарын көрдүк, эми алардын баарын биз бул шайлоодо кайталабашыбыз керек", - деди вице-премьер-министр.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: