Социалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиев кармалды
Социалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиев кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Медер Ирсалиев кечээ, 18-ноябрда кармалып, учурда тергөө абагына киргизилген.
"УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан жүргүзүлгөн сотко чейинки өндүрүштүк ишинин жыйынтыгында бир нече Социалдык фонддун кызмат адамдары аймактык бөлүмдөрдөн системалуу түрдө мажбурлоо жолу менен акча каражаттарын алып турушкандыгы белгилүү болду. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө бул кылмыш ишине Социалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиевдин тиешеси бар экендиги аныкталды. Чогулган материалдардын негизинде кечээ, 18-ноябрда Ирсалиев кармалып, тергөө абагына киргизилди", - деп айтылат маалыматта.
Учурда тергөө иштери уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
18:15
2025-07-02
15:08
2025-07-02

9:42
2025-07-02
Рейтинг:
8

Комментарийлер(1)
Asman779

19.11.2020. 19:39
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ит экенсинер го
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.