super.kg logo

Ош ОИИБи Өзгөндө "Калашников" үлгүсүндөгү ок атуучу куралдын кайдан алынгандыгын териштирүүдө

 

Ош облустук ички иштер бөлүмү Өзгөндө "Калашников" үлгүсүндөгү ок атуучу куралдын кайдан алынгандыгын териштирүүдө. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматына билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, кечээ, 18-ноябрь күнү Өзгөн районунун Кызыл-Сенир айылынын 58 жаштагы А.С. аттуу тургуну өз ыктыяры менен "Калашников" үлгүсүндөгү ок атуучу куралын Өзгөн ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерине тапшырган. Аталган курал 2010-жылы Ош облусунун аймагында болгон июнь окуясында аскер кызматкерлеринен тартып алынган куралдардын бири экендиги ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө аныкталган. Териштирүүнүн негизинде ушул жылдын сентябрь айында А.С. аттуу жаранга Өзгөн шаарынын тургуну Хатам аттуу жараны Өзгөн базарынын аялдамасында турган жерине келип, ак түстөгү ун салынуучу баштыктын ичинде кандайдыр бир буюм салынып, үч жеринен байланган абалда "буюм сизде туруп турсун" деп бергендиктен, анын ичин карабай туруп, үйүнө алып барып койгон. Аны кайра сурап келбегендиктен кечээ, 18-ноябрда баштыкты ачып караса, ок атуучу курал бар экенин көргөн. Аны ошол замат Өзгөн РИИБне алып барган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Азыркы учурда аталган факты боюнча, алынган ок атуучу куралга соттук экспертиза дайындалып, Х. аттуу жарандын аты-жөнүн аныктоо боюнча тийиштүү ыкчам-тергөө иш чаралары жүргүзүлүп жатат. Ошондой эле өз ыктыяры менен тапшырган жаран жоопкерчиликтен бошотула тургандыгын маалымдайт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: