Эл аралык олимпиаданын жеңүүчүлөрү сыйланды

Бүгүн, 19-ноябрда Билим берүү жана илим министрлигинде “54-Эл аралык Менделеев химия олимпиадасы” жана “IchO-2020” олимпиадаларынын жеңүүчүлөрү министрлик тарабынан баалуу белектер менен сыйланды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
2019-2020-окуу жылында Кыргыз өлкөсүнүн жалпы билим берүү уюмдарынын окуучулары арасында пилоттук түрдө альтернативдүү олимпиада өткөрүлгөн.
Олимпиаданын негизги максаттары:
- физика, математика, биология, химия жана информатика боюнча эл аралык олимпиадаларга катышуу үчүн талапкерлерди тандоо жана даярдоо;
- өзгөчө зээндүү окуучуларды аныктоо жана жөндөмдөрүн өнүктүрүү;
- окуучулардын табигый-математикалык циклдеги предметтерди терең өздөштүрүү боюнча окууга умтулуусунун жана кызыгуусунун деңгээлин жогорулатуу;
- окуучуларда критикалык талдоо көндүмдөрүнүн, жеке мүмкүнчүлүктөрүн баалоо жөндөмдөрүнүн өнүгүүсүнө жана жеке билиминин келечектеги жолун аныктоого көмөктөшүү;
- эл аралык олимпиадалардын жеңүүчүлөрүн даярдоочу жогорку квалификациялуу, чыгармачыл окутуучуларды аныктоо жана шыктандыруу эсептелет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.